Чолпонай "Классташым"
03:28
3,97 Мб
Жүктөлгөн: 21-11-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Назира Алимжанованыкы
Обону:Назира Алимжанованыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Балалыгымда шок кыз элем,
Апамдын сөзүн укпайт элем.
Балдарды, кыздарды коркутуп,
Классыбыздын “көзүрү” элем.
Ойноп-күлүп ал күндөр өттү,
Дарактар саргайып күз өттү.
Ошондогу эң биринчи кат,
Жүрөгүмдө сүйүү ойготту.

Кайырма:
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?
Жандашым, жандашым,
Классташым, классташым,
Кайрылып келчи, классташым.

Класстын эшиги чоң ачылып,
Кирип келди жаңы классташым.
Кар жылтырап кирпиктеринен,
Эсимде калды көз карашың.
Жылдар өттү, өттү балалык,
Сүйүүбүздү сактай албадык.
Бирок жазганда биринчи кат,
Классташымдан мен күтөм кабар.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

08.05.2013. 20:08
 egoiste
баары бир Клара Алибекованын ырдаганына жетпейт. Клараныкы сонун эле го
05.06.2013. 20:08
 Virtual
Классташтар деген ырларды кобуроок кылып койсонуздар урматтуу жетекчилер сиздерге бул суроо?
06.06.2013 10:21
admin_media
Virtual,
Рахмат! Сунушуңуз эске алынат.
27.05.2015. 16:36
 BakytAliev
Супер инфо минусун киргизип бере аласыздарбы
27.05.2015 17:04
admin_media
BakytAliev, саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип, минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо