Ислам Акматов "Периштем"
03:52
3,55 Мб
Жүктөлгөн: 22-11-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Тушаган сезимге багынып,
Тумардай жүрөккө тагынып.
Жүзүмө күлкүңдү жашырып,
Жүрөмүн өзүңдү сагынып.

Өмүрдүн бактысы өзүңдө,
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө.
Берметтей алдыңа чачылып,
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө.

Кайырма:

Периштем, жамалың жайнаган,
Жаныңдан кете албай байланам.
Жолугуп, жаңы эле узатсам,
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан.

Жүрөктүн эңсеген себебин,
Сурасаң мен гана билемин.
Суусаткан сезимдин кыйноосун,
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин.

Кайырма:

Периштем, гүл болуп мен сунулам,
Периштем, ыр болуп мен угулам.
Бактыма мен ыраазы болоюн,
Периштем, төгүлчү нуруңан.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

12.12.2012. 11:06
 almaz4ik
супер!
09.04.2013. 14:22
 1994jika
Ыр соонун!!! Ислам Акматовдун "Коштошуу" деген ырын дагы жуктоп коюнуздарчы сураныч!!!
09.04.2013 14:39
admin_media
1994jika,
"Коштошуу")))
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=87111
07.01.2014. 01:27
 samat
Ислам Акматов неге ырдабай калды? анын голосу зор!
20.11.2014. 09:36
 clever777
Анкени спонсирование жок да. Бизде азыр баарын акча чечип атат. Анан да Ислам жонокой, жулунбаган жигит.
11.08.2015. 10:24
 Мэри
Ислам чыгармачылыкты таштаганбы... Үнү жакшы, бардык ырлары жагат...
25.11.2015. 22:20
 aidai88
Ооруп жургом ушул ыр менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо