Эмил Балтагулов "Ыйладың неге?"
02:59
2,74 Мб
Жүктөлгөн: 23-11-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.83/5
(6 добуш)
Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.

Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып карындашым,
Акты го менин бетимден.

Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың?
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?

Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум.
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.

Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.

Комментарийлер (6)

11.12.2012. 23:10
 aziz.k
бул ырдын автору самат андабеков меспи
16.12.2012. 23:20
 JUROK
Журокту жалган кыйнады.
29.04.2014. 15:02
 popu.92kg
соонун ыр
06.05.2014. 20:47
 bakyt.81
супер.
29.12.2014. 00:11
 kubanychmin
Бактарбек Абдразаковдун жылдыздуу тун деген ырын киргизип койгулачы сураныч
22.08.2017. 12:42
 erlanapsamatovkg
улан осмон уулу гитара м.н ырдаганы жакты атак бул деле базар жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо