Майрамбек Осмонов "Ашыкмын"
03:36
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 26-11-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Көргүм келип күндө сени,
Көңүл эңсеп, самаймын.
Үмүтүмдү үзө албай,
Келчү жолуң караймын.
Колумдагы кызыл гүлүм,
Ал да сени күткөнсүйт.
Өмүр бою сени сүйүп,
Күтүүгө мен жараймын

Кайырма:
Өмүрлүү бол, өксүбөгүн,
Бакыт гүлүн тере бер.
Көбөйсө экен жүрөктөгү,
Сүйүү баскан желелер.
Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн,
Мен садага болоюн.
Бир да сулуу кыз көрбөдүм,
Бир өзүңө теңелер.

Сөздөрүңдү уккум келип,
Күлгөнүңдү сагынам.
Жарашасың, төп келесиң,
Мага бардык жагынан.
Сен да мени сагынасың,
Күндө бир маал жол карап.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм,
Сени, жаным, баарынан.

Кайырма:

Ачык айтчы, жашырбачы,
Болбоймунбу убара?
Арманыма арман улап,
Ары көздөй улаба.
Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм,
Бир өзүңдөн башкага.
Өмүр бою бир болом деп,
Берем сага убада.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

02.05.2013. 14:12
 Aruuzat2011
урматуу, суперчилер, М.Осмоновдун "Кусалык"(ушундай аталат болуш керек) деген ырын жуктоп койгулачы. "Мен бактылуу боло албадым, сен бактылуу болсон экен"... деген сыяктуу саптары бар, абдан суранам.
02.05.2013 14:35
admin_media
Aruuzat2011,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз жүктөп коюуга.
29.03.2014. 21:35
 baatyr79
Урматуу, супер инфо жамааты М.Осмоновдун Нарындык кыз деген ырын жүктөп коюңуздарчы.мүмкүнчүлүк болсо.
31.03.2014 14:42
admin_media
baatyr79,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз жүктөп коюуга
30.08.2014. 23:58
 marat_1910
оба мен да нарындык кыз деген ырын суранат элет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо