Алихан "Ашыкмын"
03:24
1,56 Мб
Жүктөлгөн: 28-11-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Жыргалбек Шакировдуку
Обону:Замир Мырзаныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Суктантат сенин келбетиң,
Сунайын сүйүү берметин.
Жактырбай сүзүп көзүңдү,
Жаралуу кылба сезимди.
Унутпайм күткөн мезгилди,
Жүрөктөн арнап сезимди.
Уурданып сүйүп мен сени,
Уйкудан калган кезимди.

Кайырма:
Оюмда сенсиң,
От болуп жанган.
Жүрөмүн жетпей,
Сүйүүңө арман.
Көрүнүп койчу,
Кусадар кылбай.
Ашыкмын сага,
Ашыкмын абдан.

Жадабай жолуң караймын,
Жалынып сүйүп, самаймын.
Угар деп менин үнүмдү,
Өзүңө карай барамын.
Жүрөгүм толуп кусага,
Чыдабай барам ызага.
Толтуруп сүйүү кесесин,
Тойгузчу мени, садага.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

14.12.2012. 01:24
 uty
Оо ушу ырды аран таптым...азаматсын
08.03.2013. 06:28
 askat-90
ураа
я тоже
23.02.2014. 21:25
 SuLuWkA
Чындап соонун ыр.
26.02.2018. 21:14
 AlibaevO
Өтө Жакшы ыр ал кезде хит эле азыр Торгоюм хит болуп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо