Бактыгүл Бадыева "Кайгырбаймын"
02:54
3,98 Мб
Жүктөлгөн: 29-11-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Абалымды билип мени түшүнбөдүң,
Оорубадым, бирок өкүнбөдүм.
Мүнөзүңдү жеңил, сезип кеч болсо да,
Түшүнгөнмүн, өкүнбөдүм.

Кыйнап жатып күлүп, мени түшүнбөгүн,
Кылыгыңды эстеп түңүлгөнмүн.
Жолугам деп келип, билгин, тынчым алып,
Өтүнбөгүн, өтүнбөгүн.

Кайырма:
Кайгырбаймын, кайрылбаймын,
Башка сүйүүм, кайгырбаймын.
Сагынбаймын, жалынбаймын,
Жалган сүйүп, кайгырбаймын.

Кабарыңды алып, сага жолукпаймын,
Кайгы тартып, жүрөк оорутпаймын.
Сезимимди таза, ыйык махабатка,
Толуктаймын, толуктаймын.

Көздөрүңдү сенин унутпаймын,
Түштөрүмдү сен деп жорутпаймын.
Көңүлүмдү түзөп эми башка адамга,
Сунуштаймын, сунуштаймын.

Кайырма:

Баалабайсың сен баркымды,
Кармабадың го антыңды.
Байлабайсың сен бактымды,
Тагдырымды.
Махабаттан баш тарттыңбы?
Башка адамды сен таптыңбы?
Бакытыңды, өз сүйгөн адамыңды,
Сен таптыңбы?

Кайырма:

Комментарийлер (4)

18.12.2012. 22:01
 smailik
сонун ыр экен , уккулуктуу экен
12.01.2013. 04:06
 rnurzida
бул ыр кимге?урмат усеновго арналганбы дейм
16.01.2013. 17:17
 Aygerim_tls
Абдан жакты!
20.03.2013. 14:19
 meriwa0905
сонун ыр. Жигитим менен урушуп кеткенде дайыма ушул ырды угам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо