Токтобек Асаналиев "Ат-Башы"
05:05
6,97 Мб
Жүктөлгөн: 03-12-2012
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Толкуган булаң чөп жашыл,
Толукшуп турган төш жашыл.
Тоосундай сулуу Ат башым,
Токойлуум дайрам көк жашыл.

Кайрыма:
Борондуу талаа жылгаган,
Боз тулпар сызып туйлаган.
Ботокөз атыр көл айым,
Богачың болуп ырдагам.

Кайберен талаа жылгаңан,
Карагер тулпар туйлаган.
Кара көз чатыр көл айым,
Казыбек болуп ырдаган,

Ак булут жүргөн асманың,
Ажайңып сендей таппадым.
Аргымак чапкан асыл жер,
Арашан, арпа, ак сайың.
Кайрыма:


Ат башым абал кут жанган,
Адыры шыбак жыттанган.
Айланып сенден кете албай,
Алманбет арзып куш салган.
Кайрыма:

Кол булгап далай жел өттү,
Козголуп далай эл өттү.
Кошулуп Манас бул жерден,
Кошойюн тапкан эмеспи.
Ай-Көлүн, Манас бул жерден,
Абасын да тапкан эмеспи.
Кайрыма:

Комментарийлер (6)

06.05.2014. 10:38
 sladkaja_konfetka
Супер!
23.01.2015. 11:33
 nuradiko
ушул ырды аскат мусабеков дагы бир бала кошулуп ырдаганын жуктоп койгулачы сураныч
23.01.2015 16:35
admin_media
nuradiko, саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөлөт.
23.01.2015. 11:36
 nuradiko
ушул ырды жандуу уксан кайф екен Асаналиев Токтобек азаматсыз
25.06.2016. 13:06
 aiza9675
ушул ырды алтынбек,аскат учоо ырдаганын жуктоглочуууу сураныч
28.06.2016 11:59
admin_media
aiza9675,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо