Тата Улан "Барыскан"
04:10
9,56 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2012
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Кайырма:
Карс-курс Барыскан,
Чет жактан кагышкан.
Замбиректер дуу салып,
Ата-Бабам согушкан.
Тарс, турс Барыскан,
Батыш жактан чабышкан.
Кайтпай калган бабаларым,
Бейит ордун табышкан.

Эй, балакай бери кара,
Кудай сакта согуштан.
Бир акмактын кол алдында,
Канча адам кагышкан.
Дароо баштап жаман ойду,
Багынтам деп дүйнөнү.
Ой жүгүртүп, эл үргүтүп,
Жүктөп алды күнөөнү.
Бир сапырды титиретти,
Басып алды батышты.
Кандуу болду жердин жүзү,
Мыкаачынын кырышы.
Айбан сымал жалангансып,
Канга карды тойбогон.
Ачкөздөнүп чыгыш көздөй,
Жутунгансып жөнөгөн.
41-жыл ортосу дүңгүрөтүп дүйнөнү,
Ар бир үйдүн босогосун.
Аттап кирди өтүгү,
Кирип келди кара шамаал.
Апаларды боздотуп,
Жан дүйнөсүн бүлүндүрүп.
Жетимдерди көбөйтүп,

Кайырма:

Беш жыл бүтүп, кара жылдар,
Ыйга толуп айылдар.
Кош айтышып түбөлүккө,
Ачак кыйкырып айымдар.
Эне боздоп уулун сылып,
Кудай сакта белегим.
Аман эсен үйгө кайткын,
Менин жалгыз керегим.
Канчалары кайтпай келди,
Ошол кандуу согуштан.
Кара кагаз карматкандан,
Бир-биринен коркушкан.
Кан майданда ураан салып,
Эр жигиттер атышкан.
Көкүрөгү дзотту тозуп,
Баатыр болуп чабышкан.
Бирден терип танкаларды,
Артка кадам таштабай.
Тике карап өзүн арнап,
Кечире көр оо, кудай.
Кыртыш кырса жер оодарып,
Жеңиш жолун карыштап.
Кыргызымдын баатырлары,
Даңкталды согушта.

Кайырма:

45-май айында,
Тынчытты какмакты.
Бирок канча кан төгүлүп,
Дүйнө жүзүн жалатты.
Сенин атаң менин атам,
Барып келген согушка.
Нечендери дагы деле,
Белгисиздин жообунда.
Согуш деген жаман нерсе,
Бир сапырса токтобойт.
Канча жанды жутуп алат,
Башка ойду ойлонто.
Кудайыңа миң мертебе,
Ыразы болгун балакай.
Тынччылыктын алкагында,
Күлүп жүрсөң байкабай.
Эстеп жүргүн баатырларды,
Согуш жолун жолдогон.
Таазим эткин ардагерге,
Мекен сактап коргогон.
Татыктуу бол эл ичинде,
Кол алдында келечек.
Намыстуу бол, керектүү бол,
Сенин өлкөң иничек.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

06.03.2013. 01:31
 baizakov85
Жарайсын ишине ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо