Гүлнур Сатылганова "Сени буйруп койбогондо..."
03:10
2,9 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:Райхан Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Тилектин баары тунук акак дебе,
Тирелип көкүрөктө жатат дебе.
Термелткен сенин күчүң болбогондо,
Тез эле менин күнүм батат дебе.

Кайырма:
Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,
Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.
Кудурет сени буйруп койбогондо,
Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.

Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе,
Жел болбой булут калкып көчөт дебе.
Жылуулук сенден келип турбаганда,
Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде.

Кайырма:

Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе,
Жылжыган арык көрсөң, булак дебе.
Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө,
Болду, мезгил токтолуп турат дебе.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

07.12.2012. 14:37
 dusha
Gulnur ejenin chygarmachylygyn oto baalaim,syilaim
10.12.2012. 19:05
 kubaziza
Аябай сонун.супер!!!
22.12.2012. 19:21
 balykchydan
Сооонун ыр!
27.12.2012. 19:22
 marazeta
Чыныгы ыр! Ийгилик! ушундай ырлар коп болсун/ Гулнур эже сизге сиздин чыгармачылыгынызга таазим///////
14.02.2013. 03:48
 Marlis
Мен Гульнур эженин бардык ырларын угуп келем. Анын талантына таазим кылам. Анын кубулжуган унун укканда автобузда баратысынбы, же жообу. туруп калып укканга ашыгасын. Талантыныз ташкындай берсин. Дайыма эл алдында ушундай мааниси зор, мукамдуу ырларды ырдап, журоктон чыккан ырларды аткарып, журокторго жеткирип журо беришинизге тилектемин. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
16.04.2013. 20:58
 Playboy
мен бул ырды арноо концерттен коруп, супер инфодон таап алдым, рахмат силерге супер инфо жааматы.Жакында эле кыргызстан обондорунан "ди-джей кыз журогумдон орун алдын, ди-джей кыз кундо кечке сени угамын"-деген ыр уктум, ал ырды таппай журом эгер мумкунчулук болсо ал ырды да кочуруп коюнарды коптон коп суранат элем
17.04.2013 10:51
admin_media
Playboy,
Сиз сурап жаткан ыр)))
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=86985
19.06.2013. 20:12
 turdubaeva
Самат Уланбековдун "Сагынамын" деген ырды Гулнур эже да ырдаганын уктум еле ,кочуруп койгулачы Админ...
20.06.2013 10:17
admin_superstan
turdubaeva, Саламатсызбы!
Жүктөп койгонго аракет кылабыз.
01.08.2013 11:51
admin_media
turdubaeva,
Саламатсызбы! Сиз сураган ырды)))
http://www.super.kg/media/useraudio/94835/
01.08.2013. 11:52
 admin_media
seil,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя жазсаңыз карап көрөлү. Рахмат!
08.08.2013. 12:36
 rai
ушул ырдын аталышы боюнча сурайын дегем, твларда "Дебе" деп кетип жүрөт, кээбир радиолордо мындан башкача, чыныгы аталышы кандай? Мисалы мен инеттен дебе деп издеп тапай жатсам аталышы башкача экен...
08.08.2013 12:46
admin_media
rai,
Саламатсызбы! Ооба, ыр башында "Дебе" деген аталышта тарап кеткен. Бирок биз автор, аткаруучу менен да байланышып, тактаганбыз. Туура аталышы "Сени буйруп койбогондо...".
23.10.2016. 07:08
 jaskaaa
Бритни Спристин ыры барго ушундай башталган. Бирок мага жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо