Токтобек Асаналиев "Ак сөз"
03:31
8,01 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Ак деген сөздүн мааниси,
Адеп, ахлак шааниси.
Ак – бул чындык, тазалык,
Ак түстө болбойт каталык.

Ак жол менен басалык,
Алга карай шашалык.
Ак жүздөргө эзели,
Артылбасын капалык.

Ак калпактуу атабыз,
Ак элечек апабыз.
Ак тилегин айтышса,
Ала–Тоодой жасанып.

Алга жылсын ишибиз,
Асыл эмгек жасалып.
Апалардын колунан,
Ар дайым ак таталык.

Ак жол каалайт балдарга,
Алыска сапар алганда.
Ак часса жылан чегинет,
Акмалап барып калганда.

Азгырыкка алданба,
Ар дайым кел жардамга.
Артка карай кылчайбай,
Ак иш жаса жалганда.

Ак булактан суу чыгат,
Ак булуттан буу чыгат.
Ай тиет түн киргенде,
Асман ачык, күн чыгат.

Ачык маанай алпейим,
Адамдардан нур чыгат.
Андайларга тартынбай,
Ак пейилден кымыз ак.

Ак баласын апалар,
Ак бешикке салышат.
Алтымыш тамыр ийитип,
Алдейлешип багышат.

Ак торпокту макташат,
Ак тайлакты макташат.
Ак күмүштү ырымдап,
Асемдешип сакташат.

Ак жүрөктүү эрендер,
Ак ниеттүү кенендер.
Акыл төгөт акындар,
Ак таңдайлуу чеберлер.

Асыл кенге толсун жер,
Амандыкта болсун эл.
Ак баатыры коргосун,
Аска-зоодой кеменгер.

Алдей, бөбөк теминсин,
Ата–энеге берилсин.
Алкап сактап пендесин,
Ак асманым керилсин.

Ак буудайы себилсин,
Ата Журтуң семирсин.
Ак сакалдын батасы,
Ак дилинен берилсин.

Комментарийлер (2)

12.12.2012. 02:34
 Dina88
кызык ыр экен
23.12.2012. 13:42
 Darkan
Токтобек байкемдин ырларын айабай жактырам да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо