Алтынай Нарбаева "Билбей калдым "
04:36
4,2 Мб
Жүктөлгөн: 12-12-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Имамберди Жалиловдуку
Обону:Абдыманап Төрөбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Ошол күнү кош айтыштык унчукпай,
Алыстадың карааныңды көрсөтпөй.
Толкуп-ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып, соолуп калган өзөндөй.

Көрбөй калсам сагынам деп жазганың,
Жалган беле сүйөм деген каттарың?
Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го,
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым.

Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы,
Элестетет соолуп калган булакты.
Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп,
Эстен кеткис жаштык-жалын куракты.

Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.

Комментарийлер (2)

12.12.2012. 18:58
 almaz4ik
гитара менен ырдоочумун да!
18.12.2012. 05:02
 Yu-piter
Сонун ыр.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо