Добр "Конок пейил кыргыздан"
04:15
3,88 Мб
Жүктөлгөн: 12-12-2012
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(10 добуш)
Кайырма:
Кел, баарың, келе гой, бүгүн майрам, бүгүн той.
Бүгүн жаңы жаралган ырларымдын бирин кой.
Алгач сага бешбармак
конок пейил кыргыздан.
Комуз менен ыр ырдап,
сунам сага кымыздан.

Деги, а деги, айтарым тээ илгери,
Кыргыз деген улут
тээ кылымдардан бери.
Конок пейил элим ээлеген бейиш жерин,
Эгемен жашоо сүрүп,
эбегейсиз деңгээли.
Деле деңгээли бийик-бийик аскаларды ийип,
Ак калпагын кийип эл, Ала-Тоом ыйык.
Кең пейил, ак дасторкону, урмат-сыйы,
Таң калтырган тамагымдан ал, ооз тийип.

Кайырма:

Таңдар аткан жакка таң калтырган Ала-
Тоо абадан жыттаган ал адам гана.
Таң берет, не керек, жериң, бах, керемет,
Табигатың сулуу, Ысык-Көлүң - бермет.
Кен байлыгың жерде, сууң акысыз, бекер,
Төрт мезгилиң эле бейишке тең тете.
Тегерегиң бак-дарак, толо жемишке,
Күч-кубат, эрк ,комузуң.

Көз тийбесин улутум улук, тең изде,
Мелтиреген кара көз сулуулар бизде.
Баатырга бай балакай, бала чак кезден,
Байыртадан көчмөн калк аталып нечен.
Ат арыта, канчалаган таштап кадам,
Салт-санаасын жана үрп-адатын кармап.
Башкасын кой, кел кымызыма ал кызып,
Бешбармактан, кана, көрчү, кел, даам сызып.

Кайырма:

Улуу кыргыз элим, тээ кылымдардан бери жериң,
Сактап келген миң душмандарын жеңип.
Ата-бабаларым менин үрп- адатын берип,
Боз үйүмдө жашап келген ата- тегим.

Улуу кыргызым, бар кыргыз элиң, жериң,
Ата-бабаларың берген, тууң бар, эркиндигиң.
Бар экенин, унутпа кыргыз тилин,
Тилегим бүтүндөй өркүндө, кыргыз эл, жерим.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

13.12.2012. 23:19
 jaran
жакшы
14.12.2012. 00:59
 kuba.kg
алга добр
15.12.2012. 21:26
 ErmekAktilekCiti
Братан так держать!
07.02.2013. 01:36
 maksbekov
Супер Инфо Добрга жылдын супер репери деген наминация берип коюшса андан да супер болушмак.Добр жыл сайын Супер инфонун гимн ырдайт...
13.03.2013. 21:58
 Baha_kdm
Эн соонун! Алга брат!
07.01.2014. 00:03
 toichubek1984
Чыныгы кыйын реп айткан бала алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо