Эмил Балтагулов "Коштошуу"
03:43
3,4 Мб
Жүктөлгөн: 12-12-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.27/5
(11 добуш)
Жүрөктөрдүн тең сүйүшкөн күнүндө,
Таанышканбыз мажүрүм тал түбүндө.
Ашпай калды иш жүзүнө оюбуз,
Болбойт эми бизди күткөн тоюбуз.


Кайырма:
Тамчы болуп көздөн аккан жаш болуп,
Турсам керек азыр сенин көзүңдө.
Жүрөгүңдү отко салып кыйнаба,
Кечир мени, мени күтпө, ыйлаба.

Ишене албай менин жазган катыма,
Терезеңден улам карап күтөрсүң.
Караанымды издеп, издеп карегиң,
Талыганда бир күнү үмүт үзөрсүң.

Кайырма:

Нечен жылдар, айлар өтсө, күт өтсө,
Өткөн тагдыр жашап калар жүрөктө.
Ыраазымын сени күткөн күндөргө,
Ыраазымын ошол ар бир мүнөткө.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

14.12.2012. 14:59
 alisheran
кечир мени,мени кутпо ыйлаба)))))))))))))))))
16.12.2012. 23:13
 JUROK
Эч-качан кечирбейм.
15.01.2013. 10:28
 kaiurka
мени кутпо ыйлаба
20.07.2013. 19:24
 Begimkyz
Эхх кандай сонун чыгарма(((
31.07.2013. 10:07
 Specsgruppa_NSS
Негизи эле гитаранын унун жакшы кором.. Жакшы ры экен.. Кандайдыр бир жашоодон алынган окуяны суроттогон ыр.
29.08.2014. 21:27
 ZHINAK
эмил байкенин бардык эле ырларын жактырам!
01.05.2017. 20:27
 Bob1995
Жакшы чыгарма!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо