Асель Турдалиева "Алтын апа"
04:00
3,66 Мб
Жүктөлгөн: 13-12-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.

Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Кызың үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.

Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап.
Максатым адам болуу дал өзүңдөй,
Элимдин керегине турган жарап.

Кайырма:

Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду.
Оболоп жылдыз болуу - улуу максат,
Жетелеп иликтирет ойлорумду.

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо