Рыспай Абдыкадыров "Бото көз"
02:13
5,06 Мб
Жүктөлгөн: 14-12-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Т.Касымалиевдики
Обону:Рыспай Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.33/5
(3 добуш)
Ой, бото көз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан.
Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан.

Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө,
Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө.
Карабадың арт жагыңа кылчайып,
Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө.

Көргөн сайын короосунан үйүмдүн,
Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн.
Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып,
Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.

Комментарийлер (3)

15.12.2012. 23:14
 zvezda...
Талантынызга таазим!
28.09.2014. 14:03
 papanstan
Супер инфо Туулган жер деген ырын жуктоп койгулачы
29.09.2014 17:32
admin_media
papanstan,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо