Динара Жусаева "Күтүү"
03:18
3,02 Мб
Жүктөлгөн: 17-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.

Күтүүгө үмүт болуп жагылганы
Күйүттүү ырга айланар тагдыр болду.
Экөөбүз жаз шаңына бөлөмөкпүз
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду,
Ээй, бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолду.

Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.

Комментарийлер (6)

20.12.2012. 15:31
 DAF
Калп айтпасам бул ырды акыркы жолу 95-96-жылы уксам керек эле. Жакшы ыр. Динара эженин уну бир башкача.
28.07.2014. 14:54
 Gupa
Кичинекейимде ушул ырчыны аябай жакшы көрчү элем, атын да айва-аай жадымда сактап... "Энекем" ырынын клибин акыркы 6-7 жылда көргөн эмесмин, бирок селкинчек тээп ырдаганы эсимде. Балким, анын назиктиги, гитара черткени жакчудур. Азыр угуп, үнү таза, назик, бирок аябай ичке экен деп бааладым. Ырдын текстин жазып коюңуздарчы))
31.07.2014 18:03
admin_superstan
Gupa, Саламатсызбы!
Текст кошулду.
08.11.2014. 19:37
 Jenish_kg1
авторлору ким болду екен?
09.11.2014. 01:30
 Narynbek
Ушул ыры жакчу.Ырдабай калганы өкүнүчтүү.
24.05.2015. 01:12
 aisulusha
Динара Эже азаматсыз ! Сизди укканда балалык кезим эске тушот , ырдабай калганынызга окунучтуу !?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо