Таалай Бектурганов "Таарынба"
03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Т.Бектургановдуку
Обону:Т.Бектургановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(23 добуш)
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.

Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?

Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.

Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.

Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?

Комментарийлер (14)

27.02.2013. 00:15
 mirbekkg
Эн мыкты ыр!
27.09.2013. 02:44
 kaisar88
Оа,эн мыкты. Мындай конул сергиткен ырлар бир гана жолу жаралат...
02.11.2013. 02:13
 o.aza
Нурлан тиллебаевтин ырларын да жуктоп койгулачы сураныч.кутуп журом.рахмат.
06.11.2013. 09:30
 rus9203
Ыры да музыкасы да озуно тиешелуу,мазмунуна конул бургула кайра кайра угасын
14.02.2014. 13:17
 aiza1979
en,een,jakwy yr
14.07.2014. 16:07
 egoiste
супер, ырларды плейлист менен уга турган кылып койсонор жакшы болот эле. Антпесе ар бир ырга кирип чыгып угууга туура келип, ынгайсыздык туудурат экен
14.07.2014 19:00
admin_media
egoiste,
Саламатсызбы! Тизмегим бар биздин порталда, толук маалымат үчүн http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=73345&view=findpost&p=1370027 бул жакка кириңиз.
Комментарийлерди жашыруу
15.07.2014 17:52
egoiste
admin_media, чооон рахмат
07.01.2015. 06:46
 Daani
кайталангыс талант соонун и анан админ (каркырам )деген ырын да жуктоп койгулачы сураныч
07.01.2015 12:32
admin_media
Daani, саламатсызбы! Колубузга тийип калса жүктөп коюуга аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
17.01.2015. 05:47
 Daani
урматту админ сизден сураныч деватамгоо каркырам деген ырын бир нерсе кылгылачы
26.02.2015. 14:47
 egiz-jigit
мен баалаган ырчы жайы жанаттан болсун
29.03.2015. 22:35
 musulmanin97
эң мыкты"гитарист кыргыз "
17.02.2018. 14:00
 aijan.borkoshova
Саламатсыңдарбы?Ажыраштык айлуу түндө биз,ыйлаап ыйлаап деген ырын бар болсо жүктөп коёсуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо