Керим Турапов "Туулган жер"
05:03
9,23 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2012
Жанр: Ретро
Сөзү: К. Тураповдуку
Обону: К. Тураповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.

Комментарийлер (6)

26.12.2015. 18:44
 erik01
Ыр деп ушуну айт!
26.05.2016. 23:30
 Komrad
Чыгарма деп ушуну айт. Биздин балалыгыбыз
10.07.2017. 21:28
 kudaiberdieva98
кыргызымдын журогундо ошу бар деген ыры жокго бул жакта?
18.10.2017. 13:32
 Gulnazz93
Ушул ырдын Кайрат ырдаган версиясын кайдан тапсаам болот
18.10.2017 15:15
admin_media
Gulnazz93,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
19.10.2017. 16:55
 Stal.muradilov
Мына оригинал кандай сонун Кайрат брат да жакшы ырлаптыр бирок бир аз бирдеке жетишпегендей...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо