Абидин Темиров "Кечиргин"
03:15
2,98 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2012
Жанр: Классика
Сөзү:Ибрагим Жунусовдуку
Обону:Ибрагим Жунусовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.10/5
(10 добуш)
Карындаш, астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.

Көзүмдү ала албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.

Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн?

Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак ууртунда,
Уяча бар эле.

Кечиргин, карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас.

Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да.
Сүйгөнүм бар эле,
Жүрөгү башкача.

Комментарийлер (3)

23.12.2012. 22:41
 mirbekkg
Вааау, эн соонун жазылган азамат!!!
04.03.2014. 19:03
 joni_91
Жакшы ыр
16.07.2014. 22:17
 Lika
соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо