Алтынай Нарбаева "Болосуңбу?"
03:21
7,64 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.14/5
(7 добуш)
Сынасам көңүлүмө толосуңбу?
Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу?
Сени айтып курбуларга мен мактансам,
Сыймыктанар адамым болосуңбу?

Кызыксам көңүлүмө толосуңбу?
Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу?
Кыйынчылык башка түшүп турган кезде,
Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу?

Жактырсам көңүлүмө толосуңбу?
Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу?
Жамандык башка түшүп турган кезде,
Жардам берер адамым болосуңбу?

Тандасам көңүлүмө толосуңбу?
Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу?
Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам,
Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу?

Ардактасам көңүлүмө толосуңбу?
Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу?
Акылымдан адашып турган кезде,
Акылдашчу адамым болосуңбу?

Жолуксам көңүлүмө толосуңбу?
Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу?
Жол таппай баш айланып турган кезде,
Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?

Комментарийлер (4)

18.12.2012. 14:51
 maksb86
Хе Хе Хе бул ырды Ырысбек Токтобаев ырдаганго башкача обон менен
18.04.2015. 23:28
 raku
сонун ыр!
01.05.2015. 12:56
 airada
Жакшы ыр экен, мага жактыМодератор admin_media түзөттү 2015-05-01 14:49:30
03.02.2016. 11:47
 belek16
супер инфо азаматсынар, рахмат. Мен суйгон ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо