Алтынай Нарбаева "Кайда кеттиң?"
03:39
8,33 Мб
Жүктөлгөн: 19-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.

Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.

Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда кеттиң...?

Комментарийлер (4)

26.07.2013. 23:21
 look
бул эженин Шуулдаба теректерим деген ыры бар аябай укмуш ошол ырын да жуктоп коюнуздарчы сураныч алдынан рахмат сиздерге
09.01.2014. 22:01
 Altynai1
altynaidyn yrlaryn ugup olturup,oilorum alystarga, alystarga alyp uchat.............
04.11.2014. 20:23
 Krossmen
Саламатсыздарбы админ медиа бул ырдын текстин жуктоп койо аласыздарбы сураныч! рахмат!
09.05.2015. 21:35
 jypar.i
55555
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо