Майрамбек Осмонов "Мунара"
03:54
3,56 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай,
Жылмайганың кең жайлоонун таңындай.
Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы,
Бүт жылуулук берип турган жалындай.

Кайырма:
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга.
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, аячы, берчи убада.
Элестейт көз алдыма,
Колтуктап мени басканың,
Алкымдан жыттап анан да,
Эрдиңден сүйүп жатканым.

Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң,
Ак шооладай жарык нурун бересиң.
Керемет күч мен тарапка тартылып,
Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң.

Кайырма:

Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып,
Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып.
Бир өзүңө арзуум артып баратат,
Сен сагынсаң мен да сени сагынып.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

11.01.2014. 03:34
 Hatiko
Кандай соннун ыр. Создору жок бу?
26.08.2015. 15:16
 munara.aidarova
Мен учун ырдаган болбосо да, аябай кубандым )). Чындыгында жакшы ыр.....
26.08.2015. 16:46
 ere
анчалык деле эмес экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо