Токтобүбү Черикчиева "Колукту"
04:22
1,25 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.10/5
(10 добуш)
Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.

Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң арман турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.

Турмуш чиркин өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың, эрке күйө баласы.
Болбой калдың, сүйгөн күйө баласы.

Комментарийлер (20)

12.01.2013. 01:57
 anteya
Супер.KG ге чон Рахмат, ушул ырды кутуп журдум эле.
25.03.2013. 17:49
 nuria karakol
чыныгы сонун ыр экен. Ак жоолукту кыйгач байлап назданып, мен озуно болбой калдым колукту. (ух, жашоо)
25.03.2013. 17:57
 nuria karakol
Супер инфо! сраныч созорун чыгарып коюнузчу.
25.03.2013 18:24
admin_media
nuria karakol,
Кошулду))) эми ырдай берсеңиз болот.
08.06.2013. 02:25
 ysymbek
Аттин суйуу,турмуш.ушул ырдын авторун айтып койгулачы ким?
10.06.2013 13:15
admin_superstan
ysymbek, тез арада тактап бергенге аракет кылабыз.
Комментарийлерди жашыруу
25.08.2014 02:55
PATRIOT.KG84
admin_superstan, **Асмандагы жетиген,ал эмне учун жетиген** деген ырды кичине кезимде укчу элем, сураныч ушул ырды жуктоп койсонуздар жакшы болот эле
25.08.2014 10:31
admin_media
PATRIOT.KG84,
Саламатсызбы! Ырдын аткаруучусун же атын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болот.
22.07.2013 11:20
Ledi_kg.kg
ysymbek, саламатсызбы! Бул ырдын автору акын Умарова Жыпара эжекейдики.
28.11.2013 16:04
Sagidko88
ysymbek, ЖЫпар Умарова эжеке ОшМУда иштейт. Атайын эжеге барып жолугуп ушул ырдын жактырганым айтып, кандайча жазгансыз деп сурадым эле,анда 21жашымда жазгам деп, коп жакшы создорду айтып отурду. Азыр да сонун ырларды жазат. Таланттуу, адамгерчиликтуу эже.
23.07.2013. 15:35
 Nurik_UFC
ооба туура айтасынар сонун маанилуу ыр
01.10.2013. 13:15
 mery.89
Жаз кезде ырда десе ушул ырды ырдай берчу элем.ошондо маанисин тушунбоптурмун.
09.01.2014. 06:55
 qvattro87
эхх..сонун ыр!
31.03.2014. 23:25
 Miss.ledi
Жыпар Умарова эжекоо сизди сагындык. Жашоо деген ушундай экен да бугун барбыз а эртен жок. Эжеке жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун. Сиз менен сырдашып отурган кундорду эстеп ко3умо жаш алып алдым. Аттин турмуш экен.
19.06.2014. 21:03
 Aikoo2014
Турмуш чындыгы,эх!
15.11.2014. 23:27
 shaiyrkyz
Ушул ырдын клибин жуктоп коюнуздарчы сураныч?супер инфо
25.01.2015. 17:35
 goodman02
обону Ибрагим Жунусов агайга таандык
14.11.2015. 17:51
 tansuluu.junusova
Ушул ежебиздин жарым мунот калтырбачы суранам деген ырын таппай журом аталышын так билбей Жатам жардам бериниздерчи
21.12.2015 17:22
admin_media
tansuluu.junusova,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
20.12.2015. 22:58
 tansuluu.junusova
Сен жок болсон деген экен аталышы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо