Калмурат Рыскулов "Күтүү"
02:37
2,4 Мб
Жүктөлгөн: 28-12-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:А.Эгембердиевдики
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу,
Берметтей күнгө жалтырап.
Сездирип салкын илебин,
Аскага тийип жанчылат.
Манаттай күйүп кыр жапкан,
Жел өпсө тоонун гүлүнөн.
Капчыгай өңдүү күүлдөп,
Алдастайт менин дүнүйөм.
Алыста жүргөн жан курбум,
Жарыма окшоп өзүмдүн.
Көзүмдөн учуп карааның,
Өрүктөй болуп эзилдим.

Көргөзбөй коюп таптакыр,
Жетүүгө мага туш кылбай.
Көкүрөк санаа, көңүлдөр,
Камоодо калган туткундай.
Жарыгы болгон мезгилдин,
Жарымы күн да, жарымы ай.
Тагдырдан күтсөм неликтен,
Таптырбай кеттиң, жаным, ай?
Кыйчалыш жолдун айынан,
Калсам да мезгил өткөрүп.
Өзүңө бирөө көз салса,
Өрттөнүп турам, өрттөнүп.

Шуулдап күмүш бариктер,
Жел жүрсө муздак сыдырым.
“Сагындым сизди, агай”,- деп,
Жалооруп чыкты шыбырың.
Көңүлгө түшүп көп санаа,
Көзүмдүн жашын кулатып.
Колдоруң булгап канаттай,
Карааның турду узатып.
Кең дүйнө болуп керемет,
Кебимдин таппай кыябын.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.

Комментарийлер (7)

29.12.2012. 23:23
 Jenish_kg1
Jurogum ezilet... Yilagym kelet... antkeni men dagy suigonumdon alys jaktamyn... Raxmat sizderge SUPER INFO keremet yrlaryna KAlmurat aganyn yrlaryn ko4urup koigonunuzdarga...
02.01.2013. 23:55
 bodrum
Аткаруучу Калмурат озубу?
03.01.2013 20:14
admin_media
bodrum,
Саламатсызбы! Ооба Калмурат Рыскулов өзү ырдаган.
18.01.2013. 10:06
 Jenish_kg1
"Аян берет" деген ырын кочуруп коюнуздарчы сураныч???
07.03.2013 16:22
admin_media
Jenish_kg1,
Сиз суранган ыры "Аян берет"
www.super.kg/media/?type=audio&id=84375Модератор admin_media түзөттү 07.03.2013 16:24
09.10.2013. 00:41
 Tina_79
дуйнодо чын эле суйуу бар экенине ишенип кеттим.журокту эзип айла жок ностальгияга жетелейт экен.соз жок соонун.
28.10.2013. 10:32
 admin_media
budushka,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз. Дагы катачылыктар болсо, бизге купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо