Жеңишбек Шамшиев "Толгонуу"
04:45
4,35 Мб
Жүктөлгөн: 07-01-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү

Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күӊгө серпкен кулачын

Шаштым кетип бошондосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин тереӊ жайган тамырым.

Кубанчыма, кайгыма да теӊ шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
Мен - дүйнөгө сен тургузган эстелик

Комментарийлер (11)

18.03.2013. 18:45
 Altyn-Han
Женишбек акенин ырларын абдан жакшы кором, бирок супер инфодогу ырлары толук эмес. Эгерде кимде болсо дагы да кошсонуздар жакшы болот эле, сураныч.
19.03.2013 09:33
admin_media
Altyn-Han,
Суранычыңызды аткарууга аракет кылабыз, рахмат сунушуңузга.
26.04.2013. 12:48
 eraly.kg
тексти болсо жуктоп койгулачы сураныч)
26.04.2013 14:36
admin_media
eraly.kg,
Кошуп койдук)))
26.04.2013. 14:54
 eraly.kg
чон рахмат)))
05.11.2015. 07:52
 adiboss
Кочурулбой жатат го
05.11.2015 09:51
admin_portal
adiboss, саламатсызбы!
Даги бир ирет аракет кылып көрсөңүз. Эгер дагы мүмкүн болбосо купуя кат аркылуу кайрылсаңыз болот.
05.11.2015. 22:23
 adiboss
Кочурдум ЧООН РАХМАТ!!! Ар бир комментарийге маани бергениниздерге рахмат!
28.01.2016. 17:50
 Azizbek.94kg
саламатсыздарбы урматтуу одмин?мен 2 ай мурун суперден ыр кочургондо флешкартага тушчу.а азыр ыр кочурсом телефонго тушуп жатат.
28.01.2016 18:26
http
Azizbek.94kg, вахаххаха боорду эзесиз го. Беш сарыдан телефон саткандарга барыныз настройкалап берсин))))
08.08.2016. 06:23
 adiboss
+5
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо