Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы "Насаат ыры"
03:59
9,08 Мб
Жүктөлгөн: 09-01-2013
Жанр: Поп
Сөзү:К.Калыковдуку
Обону:К.Калыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.71/5
(14 добуш)
Жакшына болсоң жашыңдан,
Жакшылык кетпейт башыңдан.
Жактырган сенин жүрөгүң,
Жарың бир кетпейт кашыңдан.
Сүйкүмдүү болсоң жашыңдан,
Сулуулук кетпейт башыңдан.
Сүрөттөй сени тиктеген,
Сүйгөнүң кетпейт кашыңдан.
Эстүү кыз болсоң жашыңдан,
Эрке кыз болбо башыңдан.
Энекең айткан сөздөрдү,
Эсиңе туткун абыдан.

Жайында сууну бойлосом,
Жайнаган гүлдөй чоңойсом.
Жактырып мага сөз айткан,
Жакшына жарга тең болсом.
Сары-Өзөн, Чүйдү бойлосом,
Саймалуу таштай чоңойсом.
Санаага мени салбагын,
Сагынган жарга тең болсом.
Эркетай болгон,ии,ий, кезимде,
Энекем айткан кичимде.
Эсиң бир менен бол деген,
Эстүү бир сөзү эсимде.
Ыймандуу болсоң башыңдан,
Береке кетпейт башыңдан.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы качпайт башыңдан.
Ийкемдүү болсоң жашыңдан,
Ийгилик кетпейт башыңдан.
Ийнелек болгон жигиттер,
Иилинип кетпейт кашыңдан.
Кыйын кыз болсо жашыңдан,
Кайсар кыз болбо башыңдан.
Карап бир койсо атакең,
Кабагын байка абыдан.

Ыссык-Көл суусун бойлосом,
Ырыстуу болуп чоңойсом.
Ырылдап күндө урушпай,
Ыймандуу жарга тең болсом.
Ичке бир сууну бойлосом,
Эки элүү болуп чоңойсом
Ичкилип ичип мас болбой,
Ичпеген жарга тең болсом.
Кызгалдай,ии, ий, кезимде,
Кайтарган атам кичимде.
Караңгы түндө жүрбө деп,
Кайталап айткан эсимде.

Билимдүү болсоң жашыңдан,
Бийиктик кетпейт башыңдан.
Биримдик дайым болсо деп,
Бир тууган кетпейт кашыңдан.
Акылдуу болсоң жашыңдан,
Акылчач кетпейт башыңдан.
Ар- намыс үчүн күрөшкөн,
Ата-эне кетпейт кашыдан.
Сулуу кыз болсоң жашыңдан,
Улууну сыйла башыңдан.
Сиз деген сөздү унутпай,
Сылык бол кызым баарынан.

Балкыган сууну бойлосом,
Бактылуу болуп чоңойсом.
Баркыңды билип сыйлаган,
Бар болгон жарга тең болсом.
Аккан бир сууну бойлосом.
Ай болуп күндө чоңойсом,
Ата-энемди сыйлаган,
Акылдуу жарга тең болсом.
Кыргыздын күүсүн ойносом,
Кымызын ичип чоңойсом
Кызындай көрүп сыйлаган
Кайын бир журтка туш болсом

Ырчы кыз болсоң жашыңдан
Ырчыны сыйла башынан
Ырдаган жерде дайыма,
Ыймадуу болгун баарынан

Комментарийлер (13)

09.01.2013. 23:46
 kyrgyzshaa
жакшы чыгарыпсыңар,ийгилик силерге!
10.01.2013. 14:16
 Nursultan.m.n
оа жакшы . кубик брат кызын чыгарып койуп озу жоголуп кеттиго э я
12.01.2013. 13:02
 Marselxx
Соонун ыр болуптур! ОРИГИНАЛНО!
13.01.2013. 19:08
 atai007
Кыргызстанга ушундай ырлардан кобуроок керек болуп жатат азыркы убакта, Эн жакшы ушул санаат ырлардан улгу алса Кыргыздын уул-кыздары
15.01.2013. 10:17
 kalman
жакшы ыр экен! ушул ырдын текстин дагы жазып койгулачы. рахмат
26.02.2013. 10:06
 saiak77
эн жакшы ыр болуптур мага айабай жакты. ушунун созун бергилечи мен дагы жаттап ырдагым келет
02.03.2013. 16:58
 Nookat TB
Сонун кандай керемет кыргыздын создору...
20.04.2013. 23:27
 zhanylka
Абдан сонун ыр!
10.06.2013. 00:35
 eresh
Жаштарга тарбия боло турган, кандай таамай создор...
30.08.2013. 19:41
 Nurlan1
жакшы ыр екен бали
14.11.2014. 21:53
 Dalina22
En jakwy yr. Kancha uksam da tajabai kaira kaira ukkun kele beret. Iigilik. Uwunfai jakwy yrlar jarala bersin
14.11.2014. 21:55
 Dalina22
Kantip kochurup alsam bolot? Kochuruunu bassam bolboi jatat.
14.11.2014 23:34
admin_superstan
Dalina22, саламатсызбы!
Opera Mobile браузери менен көчүрүңүз. Эгер болбосо, cookies'ти тазалаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо