03:50
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 11-01-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Ж.Алымовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдун жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу.
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жарык балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп, күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын арылап,
Тетир карап буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөмүн,
Жүрөгүмдү умүт менен дарылап.
Комментарийлер (0)