Гүлнур Сатылганова "Апакем"
03:52
8,85 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2013
Жанр: Поп
Сөзү: Кыялбек Урманбетовтуку
Обону:Эркин Мээркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Эрке жел сыласа жүзүңдү,
Эреркеп түтпөй кетем мен.
Аластап кырсыктан изимди,
Апакем сүйчү эле чекемден.
Көл болуп сурданат көз жашым катат,
Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй.
Арманым жүрөктө арылбай жатат,
Жанымда сен жоксуң апаке.

Жашоодо апакем тоо болду,
Калкалап мени жамгырдан.
Жашыймын тоолорду көргөндө,
Апакем тургандай алдымда.
Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат,
Баш ийбей акылга балалык качат эй.
Кемитпей ордуңду келемин жашап,
Сезимде сен барсың апаке.

Кайырма:

Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан,
А бирок өмүрдө жоготуу бат экен.
Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан,
Көрдүңбү каякта асылым апакем.

Кемитпей ордуңду келемин жашап,
Сезимде сен барсың апаке

Комментарийлер (4)

26.03.2013. 14:23
 angeluma
мага Гулнур сатылганованын ырлары аябай жагат апакем деген ырынызды укканда кадимкидей ыйлайм
24.04.2015. 19:43
 jolli
uwul ydyn minusu kimde bar? suranych abdan kerek bolup jatat
25.06.2015. 19:16
 Misi
Апамды Эстер ыйлайм...........
02.10.2019. 04:35
 AzKumFerDan
Апа жаным апаа кайактасыз сагындымго неге таштап кетиниз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо