Добр "Патриот"
03:37
3,3 Мб
Жүктөлгөн: 15-01-2013
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(17 добуш)
Патриот жигиттер келе жатат тик туруп
Алар үчүн ыйык ,алар үчүн улук
Ата-Мекен, Ата-Журт деген
7 дубан жерден биримдикте бекем
Алар элине, жерине жан берет
Алар чын жүрөктөн терең ант берет
Алар бир бирине туугандай ини-ага
Тың, өжөрлүү жана ураандары алга
Кандары ысык, күчтүү эр жүрөк келет
Намысына бек, эл жерине тирек
Алар эр жүрөк, жери үчүн күйөт
Алардын ар бири чыныгы патриот
Жетөө тең жек көрөт, бөлүп бөлүнгөндү
Алардын ар бирөө тутат бүтүндүктү
Эзелтеден калган сиңип калган канга
Жериң үчүн күрөш элин үчүн алга

Кайырма:
Жигиттер эр журок - алар ким Патриот
Эли, жерин суйот - албетте Патриот
Мекенине куйот - чыныгы Патриот
Алардын каны ысык журогу от болот

Жигиттер эр жүрөк - алар ким Патриот
Эли, жерин сүйөт - албетте Патриот
Мекенине күйөт - чыныгы Патриот
Алардын каны ысык, жүрөгү от болот

Бекер эместир, ар бир аккан тери
Текке кетпес ал элимдин эроол эри
Жүрөгүндө от алолонгон эми
Эли үчүн жери мекенинин деми
Керегине жара, ажалга тик кара
Ата-Мекен, журт үмүтү чоң сага
Ар бир айткан сөз, сен үчүн дем болсун
Тилегеним болсо, эрдигиң кең болсун
Желегин желбирейт, улутун женгин дейт
Көкүрөктөн терең жеңишти энчиле
Мекенчил эр, эй тикеңен тик тур
Милдет үчүн эмес, мекен үчүн бул
Эсине бек тут, сени менен эл журт
Терең, кенен дем ал, абаны чоң жут
Манас атан болгон, эли жериң сүйгөн
Эр эми сен болгун, мекениңе күйгөн

Кайырма:

Комментарийлер (14)

16.01.2013. 02:49
 Nurik555
ДОБР алга ПАТРИОТ!!!
23.01.2013. 03:36
 adiku
Алга!!!
24.01.2013. 19:59
 Aygerim_tls
Ийгилик сага Добр!
15.02.2013. 06:18
 joke_93kg
Добр талантын ташкындай берсин, Кыргызстанда сендей патриот балдар кобойо берсин, Алга!!!
16.02.2013. 20:56
 nurbai
Эн сонун болуптур
19.02.2013. 01:21
 salamalik93
Добр братан ты мой кумир!
20.02.2013. 03:23
 Акматов
Военный, жоокер жигиттер жонундо экен)))
28.03.2013. 20:35
 nukura-kyrgyz-bala
красавчик Добр АЛГА КЫРГЫЗ
26.04.2013. 13:35
 beka88
жарайсын,Аллахым колдосун!
29.04.2013. 12:05
 ak-47
тренировка кылып жатканда угуш керек дух берет
06.05.2013. 18:49
 suluukuz
крассавчик добр
01.06.2013. 15:50
 daniar781121
урмтуу ДОБР иним капа болбо сенин ырларынды жактырчуу емесмин мурда азыр андай емес москвадагы кыргыз спортсмен жигитерин сенин ырын коштогондон бери жактырып калдым чыныгы кыргыз екенине ишендим ийгилик сага коп жаша
14.06.2013. 01:41
 tynar92kg
Добр ырын эн сонун.Оз жерин Аксы жонундо ыр чыгарсанда болмок.
25.04.2016. 13:19
 Rifle_3
Ассалому алейкуму 2016 жылдан!
Бул ыр дагы эле жагат. Азыр рингтон кылып коюп алдым телефонума. Салам велоспорт, страйкбол менен алектенген спортчу балдарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо