Борончу Кудайбергенов "Сагынып сага карай жол издейм"
04:28
4,09 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(15 добуш)
Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.

Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?

Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

21.01.2013. 01:34
 erkekyz22
Sonun yr! Boron4u ake ishinizge iygilik!
28.03.2013. 20:52
 AnVaR_KG
Рахмат ушул ырды таппай журдум эле
27.05.2013. 04:57
 emash80
Борончунун дагы башка ырларын жуктоп койгулачы кечиккен махаббат деген ырын
17.08.2013. 14:46
 Tazdar_95
Сонун ыр экен.
Борончунун ак бантик деген ырын таппай журом. Табышып коюнуздарчы сураныч!
13.04.2014. 20:01
 bekush
krasava bratan
29.07.2016. 02:51
 arzygulR
Соонун
29.07.2016. 02:52
 arzygulR
Музыкасы жанагы корейский киного "Полный дом"
19.11.2016. 21:54
 Genar.benicio
Корейский ырды которуп ырдаптыр го))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо