Нурлан Насип "Чабалекей"
03:29
3,18 Мб
Жүктөлгөн: 21-01-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.81/5
(26 добуш)
Жаз айы, жамгыр басылбай,
Жаралуу жүрөк жазылбай.
Аскадай булут баскан,
Көңүлүм менин ачылбай.

Жалганчы жаздын демиби?
Азгырып сени кеттиби?
Жамгырга мени таштап,
Жалооруп карап койбой,
Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби?

Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.

Көргөнгө сени көзүм зар,
Айтайын деген сөзүм бар.
Сактаган жүрөгүмдө,
Арнаган сага сүйүүм бар.

Кантемин сенсиз өмүрдү,
Жамгырлуу, муздак көңүлдү?
Күнөөлөйм ушул жаздай,
Бир көрүп сүйүп калган,
Сен деген жаш жүрөгүмдү.

Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.

Комментарийлер (31)

21.01.2013. 19:13
 damir007
Кубулжуган унунон ииий ушул сулуу мырзанынын Токтогулдун булбулу да... Азаматсын!
21.01.2013. 21:32
 ulukbek
молоток жакшы ырдаптыр супер
21.01.2013. 21:56
 nurbai
жакшы ыр болуптур
21.01.2013. 22:44
 islamkg
Молочик!!!!!!ийгилик сага
22.01.2013. 00:09
 bosmos7
Озун изденип ырдачы!!! Озун талантуу эле жигитсин ! Сени сыйлайбыз!!!
22.01.2013. 17:48
 mister
Сыймык Бейшекеев ырдаган Карындашым ай деген ырдын азыр ырдалып аткан вариантын жуктоп койгулачы коптон коп сураныч. Алдын ала чооон РАХМАТ!!!
26.01.2013 15:04
admin_media
mister,
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=73917
Комментарийлерди жашыруу
24.04.2013 11:59
kyrghyzboy
admin_media, Саламатсыздарбы? Нурлан насиптин тамаша торго тушкон видеосун кайдан корсом болот жардам бериниздерчи ) рахмат супер инфо )
25.01.2013. 03:41
 Gulichka.milichka
Балалык кезимди эске салды гооо.Кичинекей кезимде бир бала ырдап берген болчу.Ошону эстеп бир кулуп алдым гоо.Жакшы ырдаптыр.Нурлан супер !!!!!!
26.01.2013. 14:44
 Bolo
Р. Шакированын "Ашыгыма" деген ырын издеп эч таппай жатам. Аранжировкасы И. Абдразаковдуку. Сонун ыр. Мумкун болсо жуктоп койсонор! Сураныч!!!
26.01.2013 15:05
admin_media
Bolo,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.Модератор admin_media түзөттү 26.01.2013 15:06
28.01.2013. 22:42
 izzy
эн сонун ыр азамат
30.01.2013. 16:18
 Kamalbek
krasav4ik Nurlan
30.01.2013. 19:08
 dikeii
илгиздин саманчынын жолу аттуу yryn кочуруп койгулачы супер инфо сураныч!!!!
30.01.2013 19:19
admin_media
dikeii,
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=65115
06.02.2013. 15:49
 Argowa_94
жанагы "ай жарык" деген ырды кимдер ырдайт, айтып койгулачы сураныыыч
06.02.2013 16:01
admin_media
Argowa_94,
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=81551
10.10.2013 21:11
sumka
Argowa_94, kaisy ai jaryk
06.02.2013. 16:26
 mikinookat
ai jaryktyn dagy 1 variantyn OSOR ESHMATOV yrdap jatat
06.02.2013 16:28
admin_media
mikinookat,
http://www.super.kg/media/?type=video&id=78277
12.02.2013. 20:57
 stepboy
нурлан менен бек борбиевтин балдыз деген ырын дуэт ырдаганы бар ошонун мр3 вариянтын кошуп койгулачы!
15.02.2013. 17:27
 alisheran
нурлан насип сенин баардык ырларын жагат озун да !
19.02.2013. 22:03
 turatbek-92
Jakwy yr eken jakty!!! Azamatsyn Nurlan algaaa!!!
20.02.2013. 15:25
 prezent
Нурлан аззаматсын,сенин унунду аяшын угуп тим еле курсан болуп журот))))))))
21.02.2013. 08:00
 sambo
Бек Байкесинин ырын ырдаган го Азаматсын.Токтогул жергеси чындыгында ырчылардын мекени!!!!
23.02.2013. 13:52
 9torres
соонун ыр
27.02.2013. 00:26
 samsonbek
эййоооо, эл-журт, силер эмне, айнып калгансыңарбы??? Такыр жарашпаптыр бул ыр бул ырчыга, үнү да жетпейт экен, эптеп-септеп Бектин ырынын аркасынан өзүн таанытам деген го бул "чаУалекей" деп ырдаганын уккан сайын кыжырым келип жатат, нормально ырдабайсыңбы Нурлан??? Өзүң өзүңө жарашкан бир ыр жазып ырдап чык, чыныгы ырчы болсоң.Модератор admin_media түзөттү 27.02.2013 10:27
12.03.2013. 21:31
 zeet
bektin yrlaryna jabyshyp alypsyngo orto
14.03.2013. 16:51
 TGA
Бек ырдаган дерзкий угулат-)))
08.06.2013. 00:45
 kg_trubach
ozu jakwy yrlar synga kop alynat bul da owolordun ordun toluktayt
22.08.2016. 17:40
 student-95
ушул ырдын минусу барбыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо