Бакыт Шатенов "Алымкан"
03:31
3,22 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2013

Алымкан аттуу кыздын атын алган белгилүү кыргыз ыры. Музыкасы Бектемир Эгинчиевдики, сөзү ХIХ кылымдын аягындагы жана ХХ кылымдын башындагы (1864-1933-ж.ж.) улуу демократ-акын Токтогул Сатылгановдуку.
Жанр: Фольклор
Сөзү:Токтогул Сатылгановдуку
Обону:Бектемир Эгинчиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым.

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.

Токтогул черткен "Жаш кыял",
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо