Кубаныч Ажыбаев "Кечирип кой"
03:16
2,98 Мб
Жүктөлгөн: 23-01-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Кадырбай Мамбетакуновдуку
Обону:Кенжекул Мендебаировдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.07/5
(15 добуш)
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Биз самаган, биз жетпеген көптөрдү.
Эрте жазда, эңтелеткен нөшөрдү,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.

Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.

Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.
Ай алдында ак чөлмөктү ыргытып,
Жылдыздардан чачмак алган жаштыкты.

Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.

Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,
Өрттөн ысык, жүрөктөрдөн ачылып,
Колубуздан соолуп кеткен гүлдөрдү.

Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,

Комментарийлер (18)

17.02.2013. 23:49
 aliya_fil
вуаххх созу обонго топ келет ыр ырчыга топ келеткен да
21.06.2013. 10:59
 Maximus
Коптон бери издеп журдум эле...
21.04.2014. 11:57
 mirbekula
Эң сонун! Рахмат! Сөзү да болсо жакшы болмок экен.
06.05.2015 08:00
JILDIZAIYM
mirbekula, айтпа, анда -санда жаттап алып ырдайт элек.
28.05.2014. 12:01
 aiguljan
Кубаныч, азаматсын! Рахмат, ырларын аябай уккулуктуу , жагымдуу!!! Талантын ташкындай берсин.
04.06.2014. 18:09
 jiku_83
коптон бери Издеп жургом, суппер!
19.10.2014. 13:05
 esenin
сонун ыр
25.04.2015. 19:21
 aman0508
минусун жуктоп койсонор абдан сонун болмок
06.08.2015. 15:34
 SHAHDAR
Таппай журдум эле
Эми минусовкасы керек.
10.09.2015. 16:02
 Arzu.kg
Талант Сыдыков да сонун ырдаган
30.09.2015. 16:10
 Elzar73
Азаматсын Кубаныч.
11.10.2015. 22:12
 fara2503
Урматтуу админ текстин жазып койосузбу сураныч. Алдын ала рахмат.
19.03.2016. 00:19
 Aijarkyn_Myrzabekova
Keremet
04.04.2016. 16:48
 fara2503
Кенжекул агайга рахматыбызды айтыш керек ушундай шедевр компазиция жаратканы учун.
14.12.2016. 11:10
 Ernisa
Азаматсыз Кубаныч аке!!!Талантынызга таазим этем!Унунуз укмуш!
18.03.2017. 13:44
 barlas86
Чындап эле минусун кайдан тапсак болот кубаныч байкеге кайрылбайбы
18.03.2017. 13:45
 barlas86
кимде болсо айдап койгулачы whatsaapтан +996708155719 номерине
23.08.2018. 21:09
 nur72
Мынча керемет жашоону сүйүп жашагың келет, кечирип кой баркталбаган жаштыкты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо