Нэна "Кеминим"
03:05
2,82 Мб
Жүктөлгөн: 23-01-2013
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Күнгөйүң аска, тескейиң арча,
Көркүңө көңүл бурабыз.
Өзөнүң бойлоп, баратып ойноп улан-кыз,
Кемин, Кемин жашыл жашоо байрагы,
Жүрөккө ынак, көңүлгө куунак ардагым.
Сага эргидим,
Бактылуу элдин бактысы сенсиң, Кеминим.

Тамчы сууң дары, тамшанган баары,
Табигат тандап бергендей.
Кылымдар камдап, кыргызга арнап келгендей.
Кемин, Кемин жашыл жашоо байрагы,
Жүрөккө ынак, көңүлгө куунак ардагым.
Сага эргидим,
Меймандос элдин мекени сенсиң, Кеминим.

Сары-Өзөн, Чүйдөн, жанымдай сүйгөн,
Кеминим чыкпайт көңүлдөн.
Сары-Күнгөй, Коңур, Көк-Ойрок кымбат өмүрдөн,
Кемин, Кемин жашыл жашоо байрагы.
Жүрөккө ынак, көңүлгө куунак ардагым.
Сага эргидим,
Беделдүү элдин бешиги сенсиң, Кеминим.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо