КЕҢЕШ тобу "Балалык"
03:49
3,49 Мб
Жүктөлгөн: 23-01-2013
Көчүрүү
  • Currently 3.88/5
(8 добуш)
Бал тилдүү балалык, кайгыны билбеген,
Бактыга жаралып, бакытты издеген.
Баарына ыраазы, жаркырап нуру жүзүндө,
Бул дүйнө кабарын оюна илбеген.
Баарына кызыгып, билбесе ким деген,
Баш ийип аргасыз, жароокер карап көзүмө.

Кайырма:
Балалык, балалык, оюнга тойбогон,
Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон.
Балалык, балалык, кой десе койбогон,
Бардыгын өзүндөй таза деп ойлогон.
Балалык, балалык оюнга тойбогон.
Бал дүйнө тазарып, бакчада ойногон,
Балалык, балалык, алыска кеттиң кайрылбай.

Кири жок ичинде, алдасаң алданып,
Кубулса айлана, кубанып таң калып.
Кубаныч тартуулап жашоонун жарык шамындай,
Жомокко ишенип, жомокто жашаган.
Жол салып өзүнчө жоругун жасаган,
Жоодар көз балалык, алыска кеттиң кайрылбай.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

24.01.2013. 14:57
 Bayan1982
Балалык2 кой десе койбогон,бардыгын озундой таза деп ойлогон.Эн сонун ыр балалык кезди козгогон.
25.01.2013. 15:04
 Alima96
Сонун ыр!
25.01.2013. 18:55
 Alima96
Ушул ырдын караокесин жуктоп коё аласыздарбы?
10.04.2014. 14:07
 Alina_001
минусун жуктоп койунуздарчы
11.01.2015. 19:17
 umarchik
жакшы ыр менин балам жакшы корот.
19.04.2018. 15:31
 munara.aidarova
Саламатсыздарбы супер кг, ушул ырдын минусовкасын кайдан жуктоп алсам болот?
19.04.2018 16:02
admin_media
munara.aidarova,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо