Булан "Үмүт"
03:43
3,4 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(16 добуш)
Тагдырдын ар бир таңы,
Күтүлбөгөн нерсени кабыл ал дей.
Ар бир жан адамзатына аны,
Жакшыбы, жаманбы, келет чечпей.

Табышмак, сырдуу дүйнө,
Аалам сымал чексиз ак сүйүүгө.
Тоскоолдук тажабай кыла берет дайым,
Жүрөктү салып азап, күйүткө.

Кайырма:
Кайтып келбейт өткөн өмүр кайра,
Агып өткөн узун-кыска ал дайра.
Кайгы тартып жашай берет адамзаты,
Жараткан буюрган күндөрдү кечип гана.


Үмүт жазы гүлдөй берет калбай,
Кандай гана келбесин жанга сыркоо.
Жашай берет, алга карай эч талбай,
Кандай гана келбесин жанга сыноо.

Жолдор ачык боло бербейт күндө,
Бирде жылуу, бирде каардуу дүйнө.
Жалындап оттой жана берет дайым,
Жалгыз тилек, бул өмүрдө!

Кайрыма:

Комментарийлер (8)

05.02.2013. 23:55
 Chyna91
Ушундай сонун ырларыныз очпой чыга беришсин! Ийгилик сизге Булан!
21.09.2013. 16:02
 ms.nazima
super Bulan baike
24.09.2013. 02:15
 nuishka
унунузго береке...дагы да жакшы жакшы чыгармалардан жарата бериниз (эн сонун ыр)
26.09.2013. 18:39
 mamirova
Булан ийгилик сага унун эч очбосун булбулдай сайрап журо бер азаматсын
28.09.2013. 20:41
 mamirova
брат ийгилик сизге
04.01.2014. 13:31
 Chyna91
Мекенди сагынуу деген ыры жакты. Сиздерде жокпу ал ыры
06.01.2014 13:09
admin_superstan
Chyna91, Саламатсызбы! Азырынча жок, бирок жакын арада жүктөп койгонго аракет кылабыз.
23.01.2014. 18:14
 Zarlyk.322
Supsuper
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо