Тата Улан "Алча"
03:27
7,89 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2013
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(5 добуш)
Сүйүү деген көлдүн жээги
Чоң жардын карды
Кыткылдаган жүрөгүмдү
Ойлондуруп салды
Жаңгак сымал таш жүрөктү
Бир заматта жарды
Күндү түнгө алмаштырып
Жокко салды барды
Кулагымда обон жарып
Шаңкылдаган күлкүң
Жаркылдаган элестериң
Көз алдымда түркүн
Кыялдантып ойго салды
Cенин айдай жүзүң
Күлгө жакын түзүлүшү
Эрке кызы күндүн
Ширин сөзүң балдай таттуу
Бүт жанымды калчап
Жан дүйнөмдү суктандырып
Кыштын күнү алча
Сурма көздүү сулуу кыздар
Тегеректе канча
Бирок менин тандаганым
Он сегизде алча

Кайырма:
Алчанын күл ачканы жазында жыттуу
Жайында кызарганда ширеси таттуу
Адамды суктандырат кыпкызыл алча
Жүрөктө сөөгү калып жүргөндөр канча

Жигит болдум эр болдум
Баатырлыкка ээ болдум
Токсон күндүн ичинде
Токсон жүрөк ичимде
Токсон жолу какканда
Буулукканым эсимде
Сени карай сөз таппай
Батынарчу жер таппай
Сүрдөгөндө кызарып
Сөз сүйлөсөм муңарып
Сөйкөң өйкөп көзүмдү
Тик карабай өзүңдү
Ушунчалык сезимби
Токсон жүрөк эзилди
Сени өйлоп күндөр-түндөр
Жыя албадым эсимди
Сени ойлоп күндөр өттү
Мен сүйүүнү жамынган
Көкүрөктү дүркүрөттү
Таза сезим жалындан
Сүйүү күчүн барктай албай
Алдаганга жеттиңби
Калпың чыгып үндөлүнүп
Талкалады сезимди
Анда сөздү бурганым
Намыстанып калганым
Тумчуктуруп сезимди
Бекем бурдум эсимди
Эки жүздүү адамдай
Ойноттурдуң тажабай
Бул сапатың эң начар
Чөп салганга барабар

Жүрөгүмдү дүүлүктүрүп
Чоң капага салды
Сенин кылган жооруктарың
Терең ойго малды
Неге таза сезимдерди
Чылайсың ылайга
Менин күндөй чындыгымды
Алмаштырып айга
Тунук сүйүү таптым
Хан олтурган такты
Салыштырсам сенин сүйүүң
Сүйгөндөй курчакты
Неге мынча жактың
Негизгисин таптым
Кызыл алча кычкыл болот
Шимиртип азапты
Эу алча тойдум сага
Сулуулугу түк келишпес акылсызга
Сөз тапанча айла канча
Баарын кечтим бактылуу бол жеткин айга
Мөлмөлүм деп ырдабадым
Кайдасың деп кыйнабадым
Арманым деп ыйлабадым
Сүйөмүн деп жар салбадым
Бул жашоонун барактарын
Ырга салып таратамын
Бир пайдага жаратамын
Көкүрөктө ысык шамың
Рэп сүйлөгөн касапчымын
Сөздү сөзгө бек кыпчыймын
Угармандарга ырчымын
Ырчыларга мен жарчымын
Суктанганым мен кыргызмын
Маңкурт көңдөргө алсызмын
Өмүр сүрүп жүргөнүмө
Кудайыма миң ыраазымын

Комментарийлер (2)

22.03.2013. 04:09
 mamazakir
super!!azamatsyn....
28.07.2013. 11:13
 Eshmanbet
Мөлмөлүм деп ырдабадым
Кайдасың деп кыйнабадым
Арманым деп ыйлабадым
Сүйөмүн деп жар салбадым
Бул жашоонун барактарын
Ырга салып таратамын
Бир пайдага жаратамын
Көкүрөктө ысык шамын
Реп сүйлөгөн касапчымын
Сөздү сөзгө бек кыпчыймын
Угармандарга ырчымын
Ырчыларга мен жарчымын
Суктанганым мен Кыргызмын
Маңкур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо