Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Адил Чекилов "Ыр майрам"
05:12
4,75 Мб
Жүктөлгөн: 29-01-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Б. Алишеровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.

Ыр майрам - салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.

Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.

Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.

Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.

Кайырма:

Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.

Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

29.01.2013. 14:03
 zssu
абдан жакшы ыр,...Супер инфо сиздерден сураныч Турганалы Нурматов менен дагы бир киши (атын билбейт экем) чогуу ырдаган "Жымындайт жылдыз карайм жай кана,супсак корунот сенсиз айлана..." деген эски биз бала чакта уккан ыр бар эле,ммкунчулук болсо жуктоп кое аласынарбы?
29.01.2013 14:09
admin_media
zssu,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
31.03.2015. 10:05
 musulmanin97
сонун ыр
11.08.2015. 22:31
 nak
абдан жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо