Шахрезада Аскарова, Токтобүбү Черикчиева "Табышмак сезим"
03:07
2,85 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сагынбек Момбековдуку
Обону:Сагынбек Момбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Кетерде көңүл жазылбай кеткен,
Көрүнөт жүздөн капалык чеккен.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.

Кайырма:
Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Же таарынып мага жүрөсүңбү?
Таарынба мага, жылмайып кара,
Өзгөртчү эми мүнөзүңдү.

Сагындым өткөн күндөрдү эстеп,
Жыттагым келет жытыңды искеп.
Койчу эми, жаным, жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.

Кайырма:

Сырыңды айтчы, сыздады жүрөк,
Жылдыздай жүзүң канткенде күлөт?
Баятан бери мен арга таппайм,
Табышмак сымал көңүлгө түнөп.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

31.01.2013. 16:57
 marat0989
жакшы ыр негизи эле
11.08.2016. 22:35
 simone
Шахрезада эже мен сизди аябай сыйлайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо