04:05
3,73 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2013
Бул ыр Нурбек Дайырбек уулу менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
Сезимди дүрбөлөңгө салып коюп,
Күтүүгө жан дүйнөмдү малып коюп.
Негедир дымың чыкпайт унуткандай,
Жоголдуң таң калычтуу кайып болуп.
Сен үчүн унуткандай сезилермин,
Билбепмин мен бакыттан кечигерим.
Жалындуу ал күндөрдү кыял кылып,
Жалооруп жашым төккөн кезим менин.
Өмүрдүн аз экенин эске албай,
Сүйүүнүн эмне экенин тескей албай.
Күнүңдү күү-шаң менен жүрөсүң го,
Өзүңдү кечирип же жектей албай.
Не дейин, неге ушундай экен сезим,
Бир сырдуу жан дүйнөгө баттым өзүм.
Сагынып, сени дагы сагындырып,
Санаанын аптабында жүргөн кезим.
Комментарийлер (0)