Эрнест Бөрүбаев "Сулуу кыз"
02:54
2,66 Мб
Жүктөлгөн: 05-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.81/5
(16 добуш)
Микробу жок тоолордун абасында,
Чындык жашайт наристе өңү менен.
Бийик мөңгү арчалар арасына, ий,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.(2).

Күлүк минип барабыз гүл тергени,
Булактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат, ий,
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.

Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда,
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз.
Чыгып барып эң бийик чокуларга,
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.

Кетесиңби сулуу кыз мени менен?!

Комментарийлер (9)

06.04.2013. 23:44
 bambucha
Микроб )))
11.04.2013. 16:04
 IKM
Ушул да ырбы, мындай ырлар менен шоу-бизнестин жылдызы болбой эле микробу болот го
10.10.2014 13:06
Oleg.kgz
IKM, Микробду микроб дейби жиндиго
12.05.2013. 09:11
 ajostal
Ырдын обону, мааниси жакшы. Бирок микробу жок тоолордун деген жери жарашпай калыптыр. Анын ордуна жок дегенде бийик-бийик тоолордун деп койсо болмок.
23.10.2013. 08:22
 Beishen_03
Ыр жакшы. Мага жакты. Обону,сөздөрү дагы. Бирок "МИКРОБУ" деген сөздү эске албаганда.Башка сөзгө өзгөртпөсө болбойт.
26.04.2014. 09:51
 barcaman
Биринчиден бул ыр Эрниске таандык эмес, микробу деген созу илгертеден эле жазылган.
10.08.2014. 19:08
 Damir_Narmatov
Созу Жолон Мамытовко Обону Абдыманап Торобековко Таандык
01.10.2014. 18:52
 lusi2013
Бул ыр микробу деген созу менен таанымал)))
08.12.2015. 17:50
 admin_media
Chikus93,
Саламатсызбы! Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо