Жумагүл Раимжан кызы "Сен дедим"
03:39
3,34 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(4 добуш)
Жаркышы жактан жаз калып,
Жаз дагы гүлдөй назданып.
Сүмөлөк сындуу шириним,
Сүйүүгө барам аз калып.
Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.

Жарк эткен жүзүң чырактай,
Жанымды барат чыдатпай.
Каралдым мени кыйнаба.
Калтардай качып кылактай.

Ак туйгун сымал келбетиң,
Акактай тунук берметим.
Ак шоолам сендей табамбы?
Айланып учсам жер бетин.
Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.

Жарк эткен жүзүң чырактай,
Жанымды барат чыдатпай.
Каралдым мени кыйнаба.
Калтардай качып кылактай.

Ар иштин келет мерчеми,
А бирок өмүр өлчөнүү.
Кучагым жайдым сен үчүн,
Кымбатым, жалгыз сен дедим.

Кайырма:
Асылы бөтөн пенденин,
Ай, күнгө сени теңдедим.
Ааламда канча жигит көп,
Жан дүйнөм жалгыз сен дедим.

Комментарийлер (4)

17.02.2013. 13:42
 Ula672112
мп3 вариянтын сурандым эле рахмат силерге!
17.07.2013. 13:20
 balshirin
жагымдуу ыр, дайыма компто ушул ойноп турат
29.11.2013. 03:12
 chiko__89
Жакшы ыр экен биринчи жолу угушум, оркундой бергиле кыргыз элим.
04.12.2013. 10:25
 urmatm
Супер инфо силерден сураныч,ушул ырчынын "Сен жокто" деген ырын жуктоп койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо