Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
02:50
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сатканбай Момуналиев
Обону:Түмөнбай Колдошов
Көчүрүү
  • Currently 4.53/5
(17 добуш)
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.

Комментарийлер (50)

27.09.2013. 09:10
 Shorobashat
Суппер Тумонбай агайдын обондору сонун да!
29.11.2013. 05:13
 bakalbaev.mirlanbek
Жакшы Ыр Экен
26.12.2013. 06:06
 peri05
Жақты молодец
06.04.2014. 16:52
 kuzia
Сонун ыр экен кече концерте угуп жагып калды ушул ыр мага .
12.04.2014. 11:58
 nurbek.86
Кандай гана керемет обон,создоручу,Эрнест байкеда катырып ырдаптыр.чыгармачылык ийгилик сизге.
15.04.2014. 10:35
 skatoruk
Соз жок , супер!!!!
17.04.2014. 23:15
 toichubek1984
10+
05.05.2014. 15:27
 dastan_nookat
20+
05.05.2014. 15:28
 dastan_nookat
''Мага аябай жагат ушул ыры''
07.06.2014. 19:54
 kai008
Вапше клласс.. маанисине тушунуп уга бер экенго жаштык кезди эстеп
05.07.2014. 11:39
 Sagidko88
ОшМУда ушундай таланттуу агайлар иштейт! Ыр эн жогорку денгээлде!
05.07.2014. 13:19
 lazygirl
Соз жок, соонун ыр
09.07.2014. 04:01
 Bakyt.92
Супер ыр !!! Ушул ырдын минусу кимде бар???жуктоп коюнуздарчы сураныч???
23.07.2014. 03:00
 sher89
Ыр деп ушуну айтыш керек молодец Эрнис
24.07.2014. 02:34
 karlik
Кетесинби сулуу кыз мени менен деген ырын дагы жуктоп кое аласыздарбы
24.07.2014 12:03
admin_superstan
karlik, Саламатсызбы!
Ал ыр жүктөлгөн:
http://www.super.kg/media/audio/81397/
10.08.2014. 18:58
 Damir_Narmatov
супер ыр
29.08.2014. 07:00
 Cholponka
Эн сонун ыр.
20.10.2014. 12:12
 baieltai
admin.media ko4urulboi jatatkoo,mumkun emes deitko emnege?
20.10.2014. 18:33
 Jamalym
Эмне учун ырлар кочурулбой жатат?
21.10.2014. 17:12
 Nurbol
качан мумкун болот?
21.10.2014 18:36
admin_media
Nurbol, Jamalym, baieltai,
Саламатсыздарбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
22.10.2014. 00:01
 ulanbekzaripa
Admin ырлар кочурулбой жататго Неге?
22.10.2014. 00:58
 Mukan89
качан жондойсунор анда???
22.10.2014 11:21
admin_media
Mukan89, ulanbekzaripa,
Саламатсыздарбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
16.11.2014. 18:49
 koi-saru83
минусовкасы болсо жакшы болмок,ырга соз жок,
19.12.2014. 11:47
 Daiza
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.))))
12.03.2015. 17:47
 classica
minusun da eger mumkun bolso juktop koisonor urmatuu administratsiya
12.03.2015 18:01
admin_media
classica,
Саламатсызбы! Минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз. Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
20.04.2015. 15:42
 Munarka
концерт коюп келип живой ырдап берди соонун ырдады ошол кундон бери тажабай угуа соонун ырдаган
12.10.2015. 17:21
 chyngyz84
Баракелди эн сонун ырдапсын жердеш.
16.06.2016. 03:02
 chyngyz84
Жарайсын жердеш!
18.12.2016. 18:51
 kamchatka
Сиз жонундо ырлар жазбайм эми мен пакет пакет ырлар жазбайм эми мен!
21.07.2017. 15:07
 aruuke9292
Тумонбай Колдошов кандай керемет обондорду жаратат. Аты да,озу да,ырлары,обондору да салмактуу ырчы!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо