Асылбек Өзүбеков "Эски достор"
03:27
6,31 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Урманбетовдуку
Обону:А.Өзүбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген турмуш бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.

Артта калган дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил токтолбой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.

Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.

Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга
Байлыгым бар эски достордой.

Комментарийлер (2)

07.11.2013. 20:23
 Tariel_tt
Асылбек байкенин Фаридам деген ырын жуктоп койгулачы
08.11.2013. 19:34
 LAZATKADYROVA
Ушул ырды радиодон уктум эле, бир кыздардын ырдаганын ошол ырды ким ырдайт жана ушул ырдын текстин жазып коесуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо