Асылбек Өзүбеков "Отуз жаш"
03:48
6,93 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Осмоновдуку
Обону:А.Өзүбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(3 добуш)
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Ал зымырайт, үстү-үстүнө камчылап,
Жетээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге тынбай суудай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.

Бүгүн дуулап, кечекимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңкиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.

Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.

Кантсин, боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң жансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

Комментарийлер (4)

09.07.2013. 13:21
 drakonchik
жакшы ыр негизи
18.08.2013. 21:04
 bailanbas
Ээх деген башка созум жок.
31.05.2014. 14:33
 urmat_88-kg
жашооо жашооо кандай аз. Анан да ото тез.
08.06.2015. 11:50
 kyrgyz78
Коз ачып жумгучале 37 жаш кирип келди
kyrgyz78 түзөттү 2015-06-08 11:51:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо