Асылбек Өзүбеков "Жаштыгым менен сырдашуу"
03:17
6,01 Мб
Жүктөлгөн: 07-02-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Элдики
Обону:А.Өзүбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Ойносом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.

Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экем байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай кыздар турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.

Комментарийлер (3)

09.07.2013. 13:32
 drakonchik
журоко бырыш тушпосун
18.08.2013. 20:39
 bailanbas
Ат-Башы районундагы Озгоруш айылында Сталбек деген жашы 50-55ке чыгып калган ага бар экен ошол адам бул ырды аябай мыкты ырдайт экен.сыздатат чиркин. Бар болсун ошондой агаларыбыз. Негизи бул ырдын созу Асанкадыр Чоробаевге таандык деген имиш бар.
05.12.2014. 16:56
 oscar
Асылбек Озубеков жакшы ырдаптыр унун женил алыптыр кыйналбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо