Токтобүбү Черикчиева "Ак-Талаа"
03:24
3,11 Мб
Жүктөлгөн: 08-02-2013

Бул ыр Р.Нургазиева менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 1.00/5
(1 добуш)
Ак-Талаа деп атын уксаң күлбөгүн,
Аппак эле топурак деп жүрбөгүн.
Көрбөсөң да көз алдыңа элестет,
Көркөмүнө кумарланткан гүлдөрүн.

Кайырма:
Атырдай жыттуу гүлдөрүң,
Абасы таза түндөрүң.
Алпештеп баккан энемдей,
Ак-Талаам, сенсиң сүйгөнүм.

Жайындасы жашыл килем жамынган,
Кышы аппак, күнгө жалт-жулт чагылган.
Түсү өңүндө түрлүү чөптөр буралып,
Тоо арасы толтура мал жайылган.
Кайырма:

Берекелүү, пейили кенен эл менен,
Ыр жаңыртып, ырыс чачкан жер менен.
Эмгек менен даңазалап атыңды,
Кең Ак-Таалам, сыймыктанам сени менен.
Кайырма:

Комментарийлер (2)

17.06.2013. 13:48
 admin_superstan
indeec - Эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
03.06.2014. 18:15
 saiabas
Ак-Талаалыктардын гимни. Эли жеримди сагынганда ушул ырды кайталап угуп, сагынчымды таратам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо