Асылбек Өзүбеков "Буурул таң"
03:44
6,83 Мб
Жүктөлгөн: 08-02-2013
Сөзү:Ж.Өзүбекованыкы
Обону:К.Керимбаеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Унутпа жамгыр төккөн буурул таңды,
Жана да бүлбүл жанган алсыз шамды.
Жоодурап тийтей бердим карек талбай,
Жомоктон кайрып алган кыйбас жанды.
Буурал таң буйрук болсо экөөбүзгө,
Буулугуп тагдырыма тарынамбы.

Унутпа шүүдүрүмдүн тамчыларын,
Ал таңда булбул куштай таңшыганы.
Сезимдер ээ-жаа бербей толкуп-ташып,
Серпилип сени көздөй талпынамын.
Санаалар сапырылса күнү-түнү,
Сагыныч соккусунда жанчыламын.

Тагдырдын дилдиреткен кылдарындай,
Турмуштун ачылбаган сырларындай.


Кайырма:
Жаныма ушул бир таң кубат берет,
Жаралган жакшы обондон ыргагындай.
Буурул таң буйрук болсо, буйрук болсун,
Өмүрдүн көз ирмемдей, жыргалындай.

Кайырам:

Комментарийлер (1)

30.05.2014. 12:07
 alishka-1707
Сонун ыр!!! Эс аласын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо