КЕҢЕШ тобу "Эки жаш"
03:56
3,61 Мб
Жүктөлгөн: 11-02-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.82/5
(11 добуш)
Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш,
Кечеңерге ыр майрам, куруп келдик эки жаш.
Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар,
Белек кылып бул ырды, сунуп келдик эки жаш.

Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш,
Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш.
Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон,
Экөөңөргө кудайым бакыт берсин, эки жаш,
Өмүр берсин эки жаш.

Бир-бирине түбөлүк байланышсын, эки жаш,
Эл суктанган түгөйгө айланышсын, эки жаш.
Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор,
Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш.

Дасторконуң дайыма жайыл болсун эки жаш,
Урпагыңар көбөйүп, айыл болсун эки жаш.
Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн,
Калың журттун батасы, кабыл болсун эки жаш.
Эл журтумдун батасы, кабыл болсун эки жаш.

Комментарийлер (4)

26.07.2013. 12:55
 opadcom
Ушул ыр аябай жагат
03.08.2015. 01:24
 Akyl007
айтпа магадагы жагат айрыкча мүзүр
08.09.2015. 23:54
 arabishkaa
Урматтуу администратор. Ушул ырдын минусовкасын жуктоп койсонуз абдан жакшы болот эле))) кичине тойлордо силердин минусовканар менен ушул ырды коштоп ырдаганга
16.12.2015. 01:29
 Kadyrbek09.10.2015
Ырдын тексттин жазып коёсузбу админ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо