Лира Райымбекова "Жалжалым"
03:32
1,02 Мб
Жүктөлгөн: 13-02-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Сен менин жалжал көзүм, жалжалымсың,
Сен менин жандай көргөн ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.

Жалжалым, жалжалымсың,
Ардагым, ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.

Артылып, көрбөй калсам сагынычым,
Кусадан кыйын болот таарынышым.
Ачык айт, неге калдың кабак бүркөп?
Ачык айт, эгер болсо таарынычың.

Жалжалым, жалжалымсың,
Ардагым, ардагымсың.
Ачык айт, неге калдың кабак бүркөп?
Ачык айт, эгер болсо таарынычың.

Антпечи, бүркөбөчү кабагыңды,
Көрсөм дейм айдан ачык жамалыңды.
Катсаң да жүрөгүңө барчу жолду,
Ишенгин качан болсо табарымды.

Жалжалым, жалжалымсың
Ардагым, ардагымсың.
Катсаң да жүрөгүңө барчу жолду,
Ишенгин качан болсо табарымды.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо